Домой Шайлоо 2021 Талас: Талапкер Назарбековго байланыштуу маалыматты милиция териштирет

Талас: Талапкер Назарбековго байланыштуу маалыматты милиция териштирет

112

№20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Мирлан Назарбековдун апасы мугалимдерге акча таратканы тууралуу АШКнын ыкчам чара көрүүчү тобу кабарлады.

Маалыматка ылайык, С.Бапышов аттуу жаран аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган. Анда талапкер Мирлан Назарбеков 4-ноябрда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы стадиондо мектеп окуучуларынын катышуусунда үгүт иш-чарасын өткөргөнү жазылган. Иш-чарада окуучулар талапкердин логотиби түшүрүлгөн кийимдерди кийип, желектерди көтөрүп жүрүшкөн.

Мындан сырткары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жарманбетова мугалимдер күнүндө мектеп директорлорун чакырып, Мирлан Назарбековдун апасынын атынан 5 миң сом жана айрым мугалимдерге 3 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык бергени айтылган. Жолугушуунун аягында С.Жарманбетова мектеп директорлорун жана мугалимдерди Мирлан Назарбековду колдоп, үгүт жүргүзүүгө чакырган.

Аталган маалымат милицияга жөнөтүлүп, текшерүү иштери башталды.

«Азаттык» радиосу Мирлан Назарбековго байланышты. Ал бул маалыматты четке какты.

«Биз жыл сайын кол алдыбызга 6-7 мектепти алып жардам берип келебиз. Быйыл кайсы учурда болгонун билбейм. Анан мугалимдерге шайлап бергиле деп айткан эмеспиз, баары жалган жалаа», — деди Назарбеков.