Домой Жаңылыктар Студенттердин үгүт ишине катышканы үчүн ОшМУнун ректору кызматтан алынды

Студенттердин үгүт ишине катышканы үчүн ОшМУнун ректору кызматтан алынды

121

Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматынан алынды.

Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматынан алынды.

Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 8-ноябрдын кечинде шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга жана мамлекеттик кызматкерлердин ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү жасаган билдирүүсүндө белгиледи.

Өкмөт башчы жалпы бюджеттик кызматкерлерге жана жетекчилерге кайрылып, алардын үгүт иштерине катышуусунун зарылчылыгы жоктугун айтты.

“Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер”, — деп жазылган билдирүүдө.