Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. Маалыматка караганда, БШК Карашевдин арызын 8-ноябрда карап, каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды. Карашев №12 Өзгөн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон эле.
Ушуну менен бир мандаттуу округдардан шайлоого бараткан талапкердердин саны 310 болду.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет.