Ала-Бука жана Чаткал райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мектептерде чогулуштар өткөрүлдү. Жыйындарга РИИБдин жетекчилик курамдары, прокуратура, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышышты.
Аталган райондордо жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарга бөгөт коюу максатында лекциялар окулду. Жаштар арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, топтошуп мушташуулардын, өз жанына кыянаттык кылуунун, жол жана суу кырсыктарынын, эрте никеге туруунун, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, баңгизат, психотроптук заттарды колдонуунун, тамеки чегүүнүн, спирт ичимдиктерин ичүүнүн зыяндуулугу айтылды. Жогорудагы коомчулукка терс көрүнүштөрдүн алдын алууда ата-энелер милиция менен тыгыз кызматташып, өспүрүмдөргө көзөмөл салуу зарылдыгы белгиленди.
Мындан сырткары район тургундарына ок атуучу куралдарга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы