Домой Расмий кабарлар Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине...

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине гүл койду

105

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентимишев, белгилүү саясий ишмерлер – аксакалдар Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов жана башкалар коштоп жүрүштү.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Алардын элесине багышталып куран окулду.