Домой Жаңылыктар «Алар өзүмө-өзүм кол салуумду каалап жатышат». Актёр Адилет Усубалиев продюсерге нааразы

«Алар өзүмө-өзүм кол салуумду каалап жатышат». Актёр Адилет Усубалиев продюсерге нааразы

3

«Курманжан датка» тарыхый тасмасында Камчыбектин образы жана башка кинолордогу ролдору менен коомчулукка белгилүү болгон актёр Адилет Усубалиев өзүнүн социалдык баракчасына айланасындагы айрым адамдарга нааразы экенин билдирип пост жазды. Анда “Алар мен өзүмдү жакшы сезишимди каалабай жатышат. Тескеринче, мени таптагылары келип жатышат. Бир жерде иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Мен алардан ашып кетем деп коркушат, менин ар бир каттарыма көз салышат. Алар өзүмө-өзүм кол салуумду каалап жатышат. Милицияны да сатып алышты. Көрө албастар. Мага жардам бериңизчи. Прокуратурага, Жогорку сотко кайрылам”, — деп белгилеген. Актёр SUPER.KG порталына бул тууралуу айтып берди.

«Акыркы жылдары жашоомдо көп өзгөрүүлөр болду. Бир нече жыл мурун театрда айлык-акы жетишсиз болгондуктан «Тумар» радиосунда иштеп калдым. Орто жолдо радиодон кетип, кайра кайтып келгенден кийин көрө албастыктар башталды. Кыскасы, ал жерден жетекчим экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик чыгып иштен кеттим. Бирок ал мени жөн койгон жок. Бир жылга жакын басым кылып, кесиптештериме жаман көрсөттү десем болот. Андан кийин чыгармачылыгымды улантуу максатында «Асман» вокалдык сынакка катыштым. Сынактын негиздөөчүсү Дарика Асылбашева мурунку жетекчим менен ортобузда болгон нерсени билбей туруп, мен мурда иштеген мекеменин жетекчиси мага кандай мамиле кылса, ал да ошондой терс мамиле жасай баштады. Буга мурунку жетекчимдин сүйлөгөнүн “Асман” долбоорунун үчүнчү турунда пародия кылып чыкканым себеп болду. Негизи “Асман” долбоорунун ичинде көп интригаларга туш болдук. Алардын баарын айтып отурууга негиз жок. Сынактын үчүнчү этабында долбоордун алып баруучусу экөөбүздүн ортосунда кичине пикир келишпестик орун алды. Ага деле анча маани берген эмесмин. Бул менин жашоомдогу өзгөчө жаңылык болгондуктан туугандарымды жана досторумду эфирге конок катары чакыргам. Алар келбей койгондуктан Инстаграм баракчама “Баарыңарга рахмат” деп пост жазгам. Аны Дарика Асылбашева окуп калып өз дарегине кабыл алган окшойт. Ага маселени айтып түшүндүрө алган жокмун. Ошондон тарта экөөбүздүн мамилебиз солгундай баштады. Ал пост үчүн мага штраф саларын айтты. Ошондон тарта Дарика Асылбашева жеке жашоомду изилдеп, телефондогу бүт билдирүү, чалуулардын баарын текшерип, кыздар менен сүйлөшүп жатсам алар менен байланышып “мени менен мындай сүйлөшпө” деп, көзөмөлдөп жатат. Буга келтире турчу жүйөлөрүм бар. 2020-жылы кафелердин бирине барып ырчы катары иштейин дегем. Дарика Асылбашеванын аралашуусунан улам ишке кире албай калдым. Буга да жүйөм бар. Милицияга кайрылсам алар жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуумду сунушташкан. Кийин байланышсам бир шылтоону айтып кутулуп кетишкен. Мен бул оюндарды ушуну менен токтотууну суранат элем. Чөйрөмдө андан башка бут тосуп, көрө албастык жасаган адамдар арбын. Булар үчүн ата-энем менен да урушкан күндөрүм болду. Мен искусствого мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулса дейм», — дейт Адилет Усубалиев.

Биз материал объективдүү болушу үчүн продюсер Дарика Асылбашева менен да байланыштык.

«Мен Адилет Усубалиев боюнча эч кандай комментарий бербейм. Анткени мен аны үч жылдан бери көрө элекмин жана ортобузда эч кандай конфликт болгон эмес”, – деп билдирди ал.