Домой Жаңылыктар Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары пара алууга шектелип кармалды

Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары пара алууга шектелип кармалды

90
Бишкекте Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар ​​билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 30 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган. Милиция кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бүгүн, 6-ноябрда райондук сот анын баш коргоо чарасын тандайт.