Бүгүн Жалал-Абад ОИИБде 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата бир катар журналисттер сыйланышты. Аларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдары жана ардак грамоталары тапшырылды.
Журналисттерге сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев алардын келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады. Элибизге туура маалымат жеткирүүдө талыкпастан ак эмгек менен кызмат өтөп, позитивдүү маалыматтардын көп болуусуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле басма сөз кызматкерлеринин жумушу жоопкерчиликтүү экендигин белгилеп, иштеринде ийгиликтер жарала беришин каалады.
Өз кезегинде сыйлык алып жатышкан журналисттер ыраазычылыктарын билдирип, милициянын аткарып жаткан жумуштарына оң бааларын беришти.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы