Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эксперттик топ орток пикирге келген соң сүйлөшүү өкмөт аралык макулдашууга чыгарылат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, чек ара боюнча эки топ, ай сайын эки ирээт жолугуп жатат. Мындан сырткары чек арага байланыштуу бардык мекемелер өз ара иштерди алып барууда.
«Тажикстан менен саясий диалог уланып жатат. Эки жумушчу топ бар. Алар ай сайын эки ирээт жолугуп, акырындап тактап жатат. Алар дагы өз позициясында катуу болуп жатат. Биздин эл дагы согуш болгон жерден көрдү. Майып болгондор бар, каза болгондор болду. Биз бул баракты жаап, жаңы барактан баштайлы, бирок эки өлкө ортосундагы кызыкчылыктар бирдей болсун деп жатабыз. Эки тарап тең уттурбасын. Ошондуктан эки тараптан эксперттер сүйлөшсүн, бир пикир тапкандан кийин өкмөт аралык макулдашууга чыгалы деп жогорку жактан макулдашты. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. Губернаторлор дагы өз деңгээлинде иштеп, элди аралаштырууда. Ал сөзсүз керек. Бишкекте, Дүйшөмбүдө отуруп алып биз аларды байкабай жатабыз да. Жергиликтүү эл ошол жерде көрүп жатат. Мамлекеттин, өкмөттүн милдети — элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Ошондуктан бардык чек арага байланыштуу органдар активдүү жана тыгыз иштеп жатат. Биз жылышты күтүп жатабыз», — деди Кулубаев.