Шайлоо боюнча эки ооз сөз айтып кетейин. Кечээ бир кандидат Лейлекке барып эл менен жолугушуу учурунда сүйлөп жатат. “Президент Жапаров Исхак Раззаковду күнөөлөп, жамандап жатат”-деп. Талапкерлер элдин алдына барып, жок жерден бирөөнү күнөөлөп, каралабастан өз программасы менен шайлоо иштерин жүргүзсө жакшы болот эле. Себеби, Садыр Нуркожоевичтин оозунан ал киши айткандай жаман сөз чыккан эмес. Кечээ эле Исхак Раззаковдун юбилейи болгондо жакшы сөздөрдү айтып, куттуктап сөз сүйлөгөн. Ошондой эле ар дайым Исхак Раззаковдун жакшы жактарын айтып, биздин мамлекеттик кызматкерлерге үлгү катары көрсөтүп келе жатат. “Исхак Раззаков 56-жылы жерлерди берип жиберген деп Жапаров айтты” дейт. Чынында Садыр Нуркожоевич андай айткан эмес. Такталган маалымат боюнча 56-жылы Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүндө элдер чогулуп, эт, салык төлөй албайбыз деген чечим кабыл алып, 19 миң гектар жерди Өзбек Республикасына өткөрүп беришкен. Азыркы боюнча айыл өкмөт ал мезгилдеги селсовет элдин, райондун, облустун, Республиканын чечими менен өткөрүп беришкен. Биз мына ошол жерди да алууга аракет кылып, чоң жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Садыр Нуркожоевич мына ошону мисал кылып айтты. “56-жылы өзүбүздүн эле аталарыбыз, жетекчилерибиз жерлерди өткөрүп берип койгон” деп. Бул маалыматты тиги киши Лейлекке барып алып, “Исхак Раззаков өткөрүп берди деп айтты” деп калп сөздөр менен президентти жаман атты кылып жатат.