Домой Укук Пара берүү-бул кылмыш

Пара берүү-бул кылмыш

93

2021-жылдын 2-ноябрь күнү, Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын кенже лейтенанты М.А. жана милициянын кенже сержанты Э.К., бөлүнгөн багыт боюнча Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө кызмат өтөп жүргөн учурда, Ош облусунун Ноокат районунун тургуну В.Б. аттуу жарандын башкаруучундагы “Лада Ваз-2107” үлгүсүндөгү унаасы жөө жүргүнчүнү жөө өткөөлүнөн өткөрбөй, бузуу жасагандыгы үчүн токтотуп, анын айдоочулук күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүн текшерген учурда жок болгон. Ага карата протокол түзүү учурунда, бир нече жолу эскерткендигине карабастан айдоочу тарабынан пара катары 3000 (үч миӊ) сом акча каражатын сунуштаган.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош ШИИБине билдирме менен кайрылып, тергөөчү тарабынан суралган учурда В.Б. аттуу жаран тарабынан акча каражатын сунуштаганын тастыкташты.

Бул факт Ош ШИИБдин КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 328-беренесинин негизинде сотко чеинки өндүрүш иши башталды.
Мындай учурлардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн жарандардын эсине салабыз. Пара сунуш кылуу бул кылмыш жана ал үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 328-беренесинде (пара берүү) ири өчлөмдөгү айып пул жана эркиндигинен ажыратуу жазалары каралган.

Ош ШИИБ боюнча МККБнын Басма сөз кызматы