Маселенин башы—ошол олуттуу саммитке кыргыз ажосунун чакырылышында, анын ырасмий барышында. Анткени, ал жакка көрүнгөндү эле чакыра беришпейт тура. Ошондой эле Улуу Британия менен Европада өздөрүнө тең эрежелери бар экен, ал талаптарга биздин учактардын техникалык абалы жооп бербейт деген бүтүм бар. Коомчулуктагы нөшөрдөй жааган, беймаани сөздөрү үчүн барбай коюшу керекпи же мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн барышы керек беле деген суроо туулду. Албетте, барганы туура болду. Бирок, президенттин жөөбү, арабадабы, унаадабы, учактабы барышы экинчи маселе десек болот. Котур таштарын тынымсыз ыргытып жатышкан ириген бир күчкө бул жөн эле шылтоо болду… Жагдайды, кырдаалды, эрежелерди уруп ойнобогондор үчүн баары бир да. Алар эптеп президенттин башынан ылдый жугунду куйуу гана көздөрүнөн учуп турат. Президент алардын майда барат сөздөрүнө маани бербей чоң иштерди бүткөрүп, кыргызча кайрылуу жасап, жакшы жолугушууларды уюштурду.
Домой Жаңылыктар Калдарбек Койлубайтегин, акын: «Президент майда барат сөздөргө маани бербей, кыргызча кайрылуу...