Домой Жаңылыктар Элчилик орус полициясы сабаган кыргызстандык жаранга байланыштуу нота жөнөттү

Элчилик орус полициясы сабаган кыргызстандык жаранга байланыштуу нота жөнөттү

6

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада полиция кармаган кыргызстандык жаранга байланыштуу билдирүү таратты.

Социалдык тармакта тараган видеодо орус полициясы кыргызстандык экени айтылган адамга күч колдонуп атканы тартылган.

Билдирүүдө окуя 2-ноябрда Хорошевск районунда орун алганы, ал жарандын тек-жайы такталганы айтылат.

Мындан улам элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жана Москва полициясына окуянын ар тараптуу иликтенишин, күч кызматкерлеринин аракетине укуктук баа берилишин өтүнүп нота жолдоду.