— Бакыт агай, неге президенттин климаттар аралык саммитке жеке учак менен барганы коомчулукта чоң талкууну жаратты?
-Азыр бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар көбөйдү. Ма десе президент ракета менен учуп барсын иши кылып акча алып келсе болду да.
Президентин бир жолу барганы эле биздин бүт элчилер сарптай турган бир жылдык каражат бөлүнүп калышы толук мүмкүн. Анткени, ал жерде экологиялык маселени алдын алуу үчүн экологияны жакшыртуу максатында финансылар берилиши ыктымал. Ошол каражаттарды туура пайдаланып, экологияны да жакшыртып, бизнести дагы өркүндөтсөк болот.
Дүйнө лидерлеринин башы бириккен чоң жыйынга Орто Азиядан жалгыз болгонуна карабай биздин президенттин барганы, катышканы, кыргыз тилинде кайрылуу жасаганы, орчундуу маселелерди көтөргөнү орундуу болду. Эми тилдин да баркы өсөт.