Домой Коом  Самсаалы Четинбаев: Президенттин өзүнө караштуу учагы талапка жооп берсе, ошону менен эле...

 Самсаалы Четинбаев: Президенттин өзүнө караштуу учагы талапка жооп берсе, ошону менен эле учуп бармак

106

— Президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитке жеке учак менен кеткени коомчулукта түрдүү талкууга кабылды. Бул боюнча кандай ойдосуз?
-Мен билгенден биздин жарандык авиациянын өзү Европанын кара тизмесинде. Ким көрүнгөнү келип Кыргызстанда каттала калып ар жакта учуп жүрөт. Система коррупциялашкан. Европа койгон учуп конуу талаптары аткарылбайт. Ошондуктан алар биздин учактар менен иш байланышын түзгүсү келбейт.
Менимче ошол себептен Президент Европага жеке учак жалдап учуп барды окшойт. Бул айласыздын иши болду го деп болжоп атам.
Болбосо Президентке сөзгө кепке калып жеке учак жалдап учуштун эмне кажети бар эле?
Өзүнө караштуу талапка жооп берген учак болсо ошону менен эле учуп бармак болуш керек деп ойлойм.