-Каныбек агай, президент Шотландиянын Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитке жеке учак менен кеткени коомчулукта түрдүү талкуу жаратты. Бул боюнча кандай ойдосуз?
-Өзү биз абдан «кызык» элбиз да. Манас атабыз «Аймаңбозуна» ичи чыкпай «Аккулага»мингенин абаз кылып айтабыз. Анын эрдиктерин ошол Аккула менен байланыштарып мактанабыз. Өзү биздин президенттер үчүн татыктуу учак сатып бербеген кандай элбиз? Ал деген улуттун намысы го? Ансыз деле миллиондоп уурдап жатышат. Өзү президентибиздин бирөөнүн менчик учагы менен учуп жүргөнү биздин улуттук ар- намысыбызга шек келтирет.