Домой Жаңылыктар Жалал-Абадда милиция күнү белгиленип, ОИИБдин имаратына арча көчөттөрү отургузулду

Жалал-Абадда милиция күнү белгиленип, ОИИБдин имаратына арча көчөттөрү отургузулду

131

Бүгүн 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 97 жыл толду. Ошондой эле быйыл Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду.

Бул даталарга байланыштуу бүгүн Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтында майрамдык парад өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, областтык күч түзүмдөрүнүн жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Майрамдык парадды Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев кабыл алып, милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал милицияда иштөө жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экендигин белгилеп, кызматкерлердин иштеринде ийгиликтер, үй-бүлөсүндө бейпилдик болуусун каалады. Ошондой эле өлкөбүздө туруктуулуктун, тынчтыктын өкүм сүрүүсүнө жана өнүгүп өсүүсүнө тилектештигин билдирди.

Параддын жүрүшүндө өз ишинин мыктыларына ИИМдин медалдары жана атайын наамдар ыйгарылды. Ошондой эле ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери тарабынан атайын көргөзмөлөр көрсөтүлдү. Параддан Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, Жалал-Абад ШИИБдин, Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматынын, ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамдары жана техникалары өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чара Барпы Алыкулов атындагы драма театрында улантылды. Бул жайда милициянын тарыхы жана аткарып жаткан жумуштары камтылган видеоролик көрсөтүлүп, келген коноктор тарабынан куттуктоолор айтылып, медалдар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана күч түзүмдөрүнүн облустук жетекчилери Жалал-Абад ОИИБдин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата ОИИБдин имаратына арча көчөттөрүн отургузушту. Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев бул саамалыкка катышып жаткан конокторго ыраазычылык билдирип, келечекте бул арчалар жетилип, имаратка көрк берээрин кошумчалады.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы