Домой Расмий кабарлар Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Франциянын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту

287
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, Глазго шаарында Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.
Саммит алкагында Мамлекет башчысы француз кесиптеши менен жеке таанышуусу орун алып, анын жүрүшүндө регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги акуталдуу өңүттөр боюнча пикир алмашуу болду.