Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер аркылуу Садыр Жапаровдун Глазго шаарындагы саммитке ижарага алынган жеке учак менен барганы боюнча билдирүү калтырды.
«Британ тарап коопсуздук эрежелеринен улам ТУ-154 учагын кабыл алуудан баш тартты. Иш сапары коркунучка кабылды. Мындан улам бир канча күн мурда делегация үчүн ижарага учак алууга туура келди.
Анын үстүнө президент кайра Бишкекте өтө турган саммитте болуп калышы керек болчу.
Бул климаттар аралык саммит болгондуктан мурда Глазго шаарына кезек менен жүрүүчү кадимки каттам аркылуу эле баруу пландалып жаткан. Бирок, тилекке каршы, Эдинбургдан Глазгого кадимки каттам менен 4-ноябрдан эрте баруу мүмкүн эмес экен. Текшерип коюу оңой нерсе. Биз бул иш-чарага жай бою даярдандык», — деп билдирди ал.
Ошондой эле мындай кадам ыңгайлуулукту сүйгөндөн же болбосо колдогу нерсени жактырбагандан улам жасалбагандыгын кошумчалаган.
Эске салсак, Садыр Жапаровдун Глазго шаарына ижарага алынган жеке учак менен кеткени социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан.