Ага ылайык, ИИМдин түзүмүн реформалоонун алкагында келип чыккан түзүм бүгүнкү күндө коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана “102” линиясы боюнча жарандардан келген чакырууларды тейлөө багытында иш алып барып келет.
«Реформа багытында сөз кылып, аны талкуулаганда кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын, дүйнөлүк практиканы эске алгыбыз келет. Ошол эле Грузия, Сингапур жана Украинада ИИМдин түзүмүн өзгөртүү багытында жасалган реформа эмне деген убакытты, эмне деген өкмөттүн ресурс жана каражаттарын, эмне деген курмандыктарды талап кылган. Бирок ошол өлкөлөрдүн эли реформанын ишке ашышын күттү, сабыр кылды, бүгүн анын түшүмүн көрүп отурушат.
А бизде Кыргыз өлкөсүндө бул түзүмдүн ачылганына болгону эки жыл кана убакыт болду. Эки жыл деген убакыт Өкмөттүк деңгээлдеги чоң реформаны ишке ашырууда өтө аз убакыт! Ошого карабастан биз Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү жакшы натыйжада коомчулука көрсөтө алдык.
Албетте, кызмат болгон жерде кемчиликтер да болот. Аларга өз убагында реакция кылып, кайра калыбына келтирүү багытында жетекчилик тарабынан тапшырмалар коюлуп жатты.
Урматтуу достор, социалдык колдонуучулар жана жарандык активистер сиздердин буга чейин бизге айтылган суроо-талаптарыңыздар, сын-пикириңиздер жана сунушуңуздар өтө маанилүү болуп турду. Коомдо коомдук пикирди жаратып, тең салмактап турган күчтөр болушу керек. Сиздерге да терең ыраазычылык», — деп билдирди Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу.