Домой Укук Талас милициясы шайлоого карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Талас милициясы шайлоого карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

166

Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутаттарынын шайлоосуна карата, 28-октябрынан тартып үгүт иштеринин башталганына байланыштуу, Талас шаарында жайгашкан партиялар менен жана бир мандаттуу болуп катыша турган талапкерлердин түзүлгөн штабынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Штаб жетекчилерине алып барып жаткан иш кагаздарыңыздарга сак болууну жана ошондой эле өрт коопсуздуктарын так сакталышын, иш күнү бүткөн убакытта бөлмөлөрдү жылытуучу жылыткычтарды өчүрүп кетүүнү эскертишти. Мындан тышкары үгүт иштерин жүргүзүп жаткан учурда Мыйзамдын талаптарын бузбоого чакырышты жана Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт экенин эскертишип, илинип жаткан баннерлерди бекем жана өйдө коопсуз жерлерге илүүнү дагы эскертишти. Ал эми милиция кызматкерлери саясий маселелерге аралашпайт жана баардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кыларын эскертишти.


Ошондой эле Талас облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат. Эгерде мындай фактылар болсо 102 телефон номуру аркылуу кабарлап коюну суранат.


Талас ОИИБнын басма сөз кызматы