Домой Жаңылыктар Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барат

8

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына (Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландия) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш сапардын алкыгында, президент Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышат. Ошондой эле дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары Саммит аянтчасында мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Маалымат үчүн: БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26-сессиясы 2021-жылдын 31-октябрынан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Алкактык конвенцияга 197 өлкө кошулган. Конференция жыл сайын өтүп келет.

Тараптардын конференциясы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын ишке ашуусуна обзор жана мониторинг жасоого, чечимдерди кабыл алууга жооптуу орган.