Домой Коом Садыр Жапаров 4-класстын окуучусу жазган катка жооп берди

Садыр Жапаров 4-класстын окуучусу жазган катка жооп берди

47
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы №8 орто мектептин 4-классынын окуучусу Арсен Мукаевге китептерди белек кылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арсен Мукаев президентке кат жазып, космос, динозаврлар, канаттуулар жана жаныбарлар тууралуу китептерди окууга болгон ынтызарлыгы тууралуу айтып берген.

Мектеп окуучусунун катын алгандан кийин Садыр Жапаров ага бир нече энциклопедиялык китептерди белекке берүүнү чечкен.

«Президенттин администрациясынын кызматкерлери баланын үйүнө барып, ага президенттин атынан энциклопедияларды тапшырышты.

Арсен Мукаев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир нече жылдан бери президенттин администрациясына кат жолдоп келгенин, бирок ага бир гана Садыр Жапаров көңүл бурганын айтты. Ал китеп окуганды абдан жакшы көрөт жана дайыма китепканага барат», — деп айтылат маалыматта.