29-октябрда «Империя пиццы» кафеси ишин баштады.
Маалыматка ылайык, кафе 29-октябрда саат 17:00дөн тарта иштей баштаган. Алар эмнеден улам кафени ачылуусуна уруксат берилгенин ачыкташкан жок.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев менен байланышканыбызда төмөнкүлөр белгилүү болду.
«Биз ууланууга сальмонелла (бактерия) себеп болгонун аныктадык. Бирок ал балыкта, үй канаттууларында же жумурткада болгонун аныктай элекпиз. Жыйынтык 1-ноябрда белгилүү болот. Кафени ачууга ким уруксат бергендиги тууралуу маалыматым жок», — деп билдирди ал.