Домой Жаңылыктар “Империя пиццы”: уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти

“Империя пиццы”: уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти

6

Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында тамактан уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 22 жабырлануучу стационардык дарылануусун улантып жатат, анын бешөөсү балдар. Улуттук госпиталда – 3, балдар ооруканасында – 5, темир жол ооруканасында – 14 адам.

Эскерте кетсек, “Империя пицца” кафе тармактарында массалык уулануу болгон.