SUPER.KG порталы бул ирет Чүй облусундагы Степное айылында жайгашкан №2 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан аял менен маек курду. Маектешибиздин аты-жөнү жашырылды. Ал күйөөсүн өлтүргөндүгү үчүн 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Айтымында, күйөөсүн капысынан өлтүрүп алган, бирок ушундай абалга жеткенге чейин ал менен жашап жүрө бергендигине өтө өкүнөт.
Жашообуз жакшы эле башталган, бирок…
Мен үч жарым жыл мурун жолдошумду кокустан өлтүрүп алып, 97-берене менен 8 жылга эркиндигимден ажыратылгам. Каза болгон жолдошум экөөбүздүн эки кызыбыз бар. Башында эл катары жакшы жашап жатканбыз. Батирде жашачубуз. Жолдошум сантехник, таксист болуп акча тапчу. Убагында намаз окучу. Кийин иче баштады. Бир ичсе 10-15 күндөп тынбай арак иччү. Акырындап мага кол көтөрө баштады. Барган сайын үйдөн кут кетип, тынчтык жок боло баштады. Айлам кеткенде өзүм милиция чакырчумун. Алар жолдошумду алып кетип, кайра эле “биз үй-бүлөлүк иштерге кийлигишпейбиз” деп бошотуп жиберишчү. Жолдошум келгенден кийин “сен эмне милиция менен коркутасыңбы?” деп кайра эле баягы жашоо башталчу. Айлам кеткенде эки кызымды алып эки жакка качып жүрдүм. Орто жолдон күйөөм оңолуп, кайра жарашып жакшы жашап калабыз. Бирок бул көрүнүш узакка созулбайт. Кайын журтума “иниңерди тыйгылачы, алып кеткилечи” деп кайрылсам, “биз эмне кыла алабыз, биз барганда эле арагын таштап коёбу?!” деген жооп алчумун. Ата-энем эрте каза болуп калгандыктан “эки балам менен кайда барып жашамак элем” деп көрсөткөн кордугуна чыдай бердим.
Ошол каргашалуу күн…
Жолдошум каза болгон күнү үйгө ичип келди. Ал күнү да мени сабады. “Болду, кой эми эс ал” десем, такыр болбой койду. Ичкенде бычак көтөрүп “өлтүрүп таштайм” деп коркуткан адаты бар эле. Бул жосунсуз жоругуна өзүм деле көнүп калгам. Бычак көтөрүп коркутаны менен сайбайт болчу. Каргашалуу күнү да тамак жасап жатсам сыртка чыгып бычак көтөрүп келди. 9 жана 5 жаштагы кыздарым “апа, бычак көтөрүп келе жатат” деп кыйкырып жиберишти. Мен жолдошума алып кел бычагыңды десем бербейт. Экөөбүз алышып кеттик. Жиним келип күйөөмдү жерге алып ыргыттым. Ал көмөлөнүп түштү. Ошондо бычак өпкөсүнө сайылып, бир тамырын кесип кетиртир. Мен аны байкаган эмесмин. Бир аз күбүрөнүп сүйлөнгөнүнөн “мас неме эс алсынчы” деп жөн койдум. Үйдү жыйнап 30 мүнөттөн кийин “бас эми төшөгүңө жат” деп ойготкону барып канды көрдүм. Жүрөгүм түшкөнүнөн кыйкырып-өкүрүп жибердим. Биз жашаган үйдүн кожейкесин чакырдым. Ал келип көрүп “Тез жардам чакырды. “Тез жардамдын” кызматкерлери милиция чакырышты. Алар жолдошумду ооруканага, мени балдарым менен суракка алып кетишти. Мен болгонун болгондой айтып бердим. Бирок мени убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Ал эми кыздарымды карачу эч ким жок болгондуктан реаблитациялык борборго өткөрүп беришти.
Азыр өз учурунда күйөөм менен ажырашып кетпегениме өкүнөм
Мен эч нерсе кыла албай калдым. Мамлекеттик жактоочу келип “3000 доллар бер, мен сенин беренеңди 72ге өзгөртүп берем” деди. Акчам жок десем эч нерсе деген жок. Ошентип 8 жылга эркимден ажыратылдым. Бул жерден кийим тигип иштеп жатам. Балдарымды ай сайын алып келип кездештирип турушат.
Азыр убагында ажырашып кетпегениме өкүнөм. Окуянын аягы трагедиялуу бүтөт деп ойлогон эмесмин. Кетсем бир жумага кетип калчумун. Андан ашып кетсе кайын журтума чейин телефон чалып жиберишчү. Канча кордолуп, кыйналсам дагы балдарымдын атасы деп такыр кете албай жүрдүм. Эки балам менен кайда батам, мени ким алмак эле деп корксом керек. Башында абакка түшкөндө көпкө чейин өзүмө келе албай стресс болуп жүрдүм. Бир үй-бөлүнүн үч жакка бөлүнүшү өтө жаман экен. Жолдошума таарынып жүрдүм. Анын каза болуп калганына өкүнөм. Эч ким түрмөгө өзү каалап отургусу келбейт. Бул нерсени сыноо, же кырсык деп кабыл алам. Кудай башка эмнени салбасын көтөрөт экенбиз…
Ажырашууга үндөбөйм, бирок…
Боштондукка чыккандан кийин белимди бекем бууп, эки кызыма жакшы тарбия берүүгө бар күчүмдү жумшайм. Алгач жумуш таап, балдарымды өзүмө алам. Алардын менден башка, менин алардан башка эч кимим жок.
Жеке оюмда менин өткөн турмушум сыяктуу тагдырга кабылган аялдар эгер өз алдынча жашап кетүүгө көздөрү жетсе чечкиндүүлүк кылып ажырашып кеткени оң дейм. Ар бир адамдын тагдыры ар башкача болот. Мен муну менен ажырашууга чакырык жасап жаткан жокмун. Болгону кырдаалга жараша чечим кабыл алуу керек. Күйөөсү ичсе башкалар аялы ичирип жатат деп ойлошот. Мен жолдошумдун оозуна куймак белем!? Тескеринче ичпе деп чыркырадым. Ооба, эркек кишини эле жаман дей бергенге болбойт. Кемчилик эки адамдан тең кетсе керек. Көбүнчө үй-бүлөдө уруш жокчулуктун айынан чыгат. Ачыгын айтканда, аял киши көбүнчө тилинен табат. Аял катары оокат кылып кетүүгө жакшы эле тырышып, “кой мындай кылалы” деп айтып көрдүм. Кийин жайына коюп “ич, же, жат” дегендей мамиле кылып такыр сүйлөбөй койдум. Антсем да жакпай койду. Баланын ата-энеси тараптан да көзөмөл, колдоо керек. Сот отурумдары болуп жаткан учурда кайын журтум сотко келген жок. Анткени баласынын кандай экенин билишет. Эгерде мен алтындай баласын өлтүрүп алган болсом сотко баары көчүп келишмек.
«Үйдө баатыр жоодо жок» демекчи айрым эркектер көчөгө чыкса бирөөгө ооз ача албайт. Бирок күчүн үйүндөгү аялынан чыгарат. Ошондой болсо да аялы күйөөсүнүн жаманын жашырууга аракет кылып жашап жүрүшөт. Аялыма эле алым жетет дегенсип аны чыркыратып тепкилеген эркекти эркек эмес деп эсептейм. Азыр эмнеге мен ошол учурда жолдошумдун зомбулугуна чыдап, андан коркуп, жашынып жашадым экен деген суроону берем. Бара-бара адамдын ою өзгөрөт экен…