Кечээ, 27-октябрда Бишкектин Сүйөркулов жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдөн 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болду.
Интернет колдонуучулар 4 сааттан ашык сүйлөшүүдө ӨКМ кызматкерлери эч кандай даярдык көрбөгөнүн жазышууда. Өз кезегинде ӨКМнын Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы — подполковник Ырыспек Жолдошбаев билдирүү жасады.
“Жаран бизге куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жигит өз жанын кыюуга бел байлаганын чечкиндүү түрдө билдирген. Ал биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн эч кимди жанына жолотпой койгон.
Социалдык тармактарда батуттарды орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары ар кандай нюанстар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон, ал атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы, жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок”, — деп жазылат Жолдошбаевдин билдирүүсүндө.