Республика боюнча окуучулардын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматка ылайык, эс алуу 14-ноябрга чейин созулат.
Быйылкы 2021-2022-окуу жылына карата каникулдар графиги:
- биринчи чейрек — 15 -сентябрдан 5 -ноябрга чейин. Каникул 8 -ноябрдан 14 -ноябрга чейин;
- экинчи чейрек — 15 -ноябрдан 30 -декабрга чейин. 31 -декабрдан 11 -январга чейин эс алуу;
- үчүнчү чейрек — 12 -январдан 18 -мартка чейин. 21 -марттан 30 -мартка чейин эс алуу;
- төртүнчү чейрек — 31 -марттан 8 -июнга чейин.
Акыркы коңгуроо 9 -июнда кагылат. Билими тууралуу аттестаттар жана күбөлүктөр 6-8-июлда тапшырылат.