Өлкөдө автоунаага жана турак жайга болгон салыктын көлөмү жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«Кечээ Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, 2021-жылдын республикалык бюджети тууралуу мыйзам кабыл алынды. Ошондой 2022-жылдын бюджети дагы каралды. Белгиленген пландар аткарылган жок. Эгерде алар сөз менен 2022-жылдын апрелине чейин мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрөбүз деп убада беришти, бул чыгымдар бюджеттин өзүндө жок, министрлер кабинети аларды бекитпейт. Кирешени 90 миллиард сомго көбөйтүү тууралуу айтылды. Мындай каражат кайдан табылат? Бул үчүн мүлктөрдүн салыгы жогорулайт. Автоунааларга жана турак жайларга болгон салыктын көлөмү көбөйтүлөт. Мындай киреше капыстан түшпөйт», — деди ал.