Домой Жаңылыктар ӨКМдин психологдору 4 саат сүйлөшүп, аман алып калууга аракет кылышканына карабай...

ӨКМдин психологдору 4 саат сүйлөшүп, аман алып калууга аракет кылышканына карабай жанын кыйган баланын окуясы боюнча иликтөө жүргүзүлөт

434
Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 9-кабатынан секирген жигиттин окуясына байланыштуу ӨКМ төмөндөгүлөрдү маалымдайт.
Саат 12:30да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматына өзүнүн жанын кыюуга аракет кылып жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин 10 адамдан турган куткаруучулары, анын ичинде эки психолог жана бир тез жардам бригадасы дароо жерине чыгып кетишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп сактап калууга аракет кылышкан. Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды ӨКМдин психологдору көндүрүп, ал аларды көздөй бет алган. Бирок күтүүсүздөн бурулуп 9-кабаттан секирип кеткен.
Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт.