Домой Жаңылыктар Абдывахап Нурбаев Акылбек Жапаровго: «Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп...

Абдывахап Нурбаев Акылбек Жапаровго: «Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетишпесин. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү?»

2

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү деп сурады.

«Акылбек Үсөнбекович (ред:. министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров), өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?», — деп сурады депутат.

Акылбек Жапаров: «Мен Финляндиянын мисалын келтирдим. Анда жыл сайын сурамжылоо болуп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалимге анан архитекторго турмушка чыгабыз деп айтышат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз», — деди.

Акылбек Жапаров 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз» деп айткан.