Домой Коом Сузактагы Муратовдун үй-бүлөсүнө берилген үйгө Ташиевдин жана анын жакындарынын тиешеси жок

Сузактагы Муратовдун үй-бүлөсүнө берилген үйгө Ташиевдин жана анын жакындарынын тиешеси жок

503
Сузактагы Муратовго берилген үйгө Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн тиешеси жок. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Муратовдун үй-бүлөсүнө Камчыбек Ташиев тарабынан каржыланып курулган үй берилгенин айткан. Бул туурасында БШКнын Бишкек шаарындагы ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунан 25-октябрь күнү маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча алдын-ала текшерүү иштери жүргүзүлүп төмөнкүлөр аныкталды:

Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Боз-Чычкан айылынын 1982-жылы туулган Муратов Кубанычбек аттуу тургунунун жашаганга турак-жайы жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына киргендиктен жеке ишкер Абдимиталип Мамитовдун жана айыл тургундарынын демилгеси менен ага төрт бөлмөлүү үй куруп беришкендиги такталган. Бул боюнча жеке ишкер Абдимиталип Мамитов өзүнүн көрсөтмөсүндө дагы берген.

“2021-жылдын жаз мезгилинде Боз-Чычкан айылында жашаган Кубанычбек Муратов ата-энесинен эрте айрылып жана бүгүнкү күндө туруктуу жашаганга турак-жайы жок кыйналып жашап жаткандыгын билдирип, аталган айылдын аксакалдары мага кайрылышкандыктан мен бул демилгени колдогом. 2021-жылдын июль айынын баштап К.Муратовго төрт бөлмөлүү үйдүн курулуш иштерин баштагам жана айылдын тургундары дагы салым кошуп аталган үйдүн курулуш иштерин толугу менен октябрь айында бүтүргөнбүз. 22-октябрь күнү жашоого толугу менен даяр болгон үйдү К.Муратовго тапшыруу аземинде Камчыбек Ташиев айылга келип калгандыктан, аны айылдын кадырлуу инсаны катары үйдүн ачкычын тапшыруу суранычы менен өзүм кайрылгам. Ошентип Камчыбек Ташиев үйдүн ачкычын тапшырган. Бул иш боюнча Камчыбек Ташиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кандай тиешеси жок жана мен буга чейин дагы мындай кайрымдуулук иштерди жасап жүргөм. Мындан ары дагы элдин жардамы менен жасай берем, бул жасап жаткан иштериме айыл тургундары күбө”, — деп билдирет жеке ишкер.

Жогорудагылардын негизинде жана аталган фактыны текшерүү учурунда мыйзамды бузган аракеттер тастыкталган жок.