Домой Жаңылыктар «Империя пиццы» кафесинен тамакка уулангандардын саны 179га жетти. Алардын 18и балдар

«Империя пиццы» кафесинен тамакка уулангандардын саны 179га жетти. Алардын 18и балдар

72

Бүгүнкү күндө «Империя пиццы» кафесинен тамакка ууланганып, ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 179 адамдын ичинен 18и балдар.

Темир жол ооруканасына 13;

Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 12 адам;

Улуттук госпиталга 24 адам;

Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборуна — 1 адам кайрылган.

«Учурда 50 адам стационардык дарылануудан өтүүдө. Бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Ал эми калган жабырлануучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жиберилди», — деп айтылат маалыматта.