Анда президент класстын ичи менен таанышуу үчурундагы түшкөн сүрөтүндө тактада «мяч» деген сөз «мяк» деп жазылып калганын окурмандар байкаганын айтып чыгып, талкуу жараткан.
Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен төмөнкүлөрдү билдиришти.
«Марал Джайчибекова Берлыбеков атындагы орто мектепте 3 жылдан бери башталгыч класстарга сабак берип келет. Ал мугалим катары дайым мыкты сапаттарын көрсөтүп келген.
Тактадагы жазуу атайын жазылган. Мугалим окуучулардын билим деңгээлин, мурдагы өткөн темаларды текшерүү үчүн атайылап ката жазган. Бул жерде окуучулар өзүлөрү ката жазылган сөздү табышы керек болчу (катаны тап оюну). Мунун максаты окуучулар туура жазууну өздөштүрүү максаты коюлган. Мугалим өз сабактарында мындай методиканы көп колдонот. Мындай көнүгүү орфографиялык каталарды көрүү көрөгөчтүгүн өнүктүрүү болуп эсептелет», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мектеп бир нөөмөттө 300 окуучуга эсептелген. Окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.