Домой Коом «Ыйман Нуру» партиясын, Бакир уулун жана Арстанбекти шайлоодон четтетүү боюнча арыз берилди

«Ыйман Нуру» партиясын, Бакир уулун жана Арстанбекти шайлоодон четтетүү боюнча арыз берилди

339

«Кыргыз баалуулуктарын коргоо кыймылы» «Ыйман нуру» партиясын, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышып жаткан Турсунбай Бакир уулун, «Мекенчил» партиясынын тизмесиндеги Шүкүрбек Эркебаевди жана «Азаттык» партиясынын тизмесиндеги Мыктыбек Арстанбек менен Руслан Бекназаровду 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоодон четтетүүнү өтүнүп Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.

Аталган кыймылдын кайрылуусуна 100дөн ашуун киши кол койгон. Бул тууралуу маалымат БШКнын расмий сайтына жарыяланды. Кайрылууда аты аталган талапкерлердин буга чейинки билдирүүлөрү Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен светтүүлүгүнө, бүтүндүгүнө коркунуч жаратаары белгиленген. Ошондой эле, талапкерлердин качан, кайда эмне деп сүйлөгөнү арызда көрсөтүлгөн жана соцтармактарда айткандарынын көптөгөн скриншотторун тиркешкен.

Ушул эле кайрылуу президент Садыр Жапаровго, баш прокурор Курманкул Зулушевге, коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго, ички иштер министри Улан Ниязбековго, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага жана Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага жолдонду.

Арыз ээлери «Ыйман Нуру» партиясын «диний жана этникалык негизде» түзүлгөнүнө байланыштуу парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратуу талабын коюшкан.

БШКнын маалыматына караганда, арызды жумушчу топ карап жатат.

Боршайком 24-октябрдагы жыйынында «Ата-Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру» саясий партиялары тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттаган.