Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 25-октябрга 12 млрд 89,26 млн кубөметрди түздү деп билдирет «Электр станциялары» ААК.
Суунун агымы секундасына 198 кубометр, ал эми суунун сарпталышы 433 кубометр секундасына.
Эске сала кетсек бул жылы Кыргызстанда кургакчылык болду.
Мурдараак Улуттук энергохолдинг жарандарга электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну эскертип, реклама жана дүкөндөгү, кафедеги жарыяларды жарыктандырууну чектөөнү сунуш кылган эле.