Домой Жаңылыктар Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби

Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби

105

Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэри тандалган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Арслан Сталбек уулун калаа мэри кылып шайлаган.

БШК ошол эле күнү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын билдирди. Буга «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргени себеп болгону белгиленет.

Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 21-октябрда кол койгон. Ага ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.