Домой Коом БШК Камчыбек Ташиевдин айыл тургунуна үй белек кылганын териштирет

БШК Камчыбек Ташиевдин айыл тургунуна үй белек кылганын териштирет

327

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районунун Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын текшерүүнү Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу боршайкомдун расмий сайтында кабарланды.

Пери Орозбекова аттуу «Фейсбук» колдонуучу №14 Сузак округунан парламенттик шайлоого ат салышып жаткан Шайырбек Ташиевдин агасы, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын жазган.

Орозбекова Конституциялык мыйзамга таянып, талапкердин жакын туугандары шайлоо дайындалган күндөн тартып, шайлоо жыйынтыгы жарыяланганга чейин кайрымдуулук иш-чарасы менен алектенбеш керек деп белгилеген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 15 арыз келип түштү.