«Учурда «Империя пиццы» кафелеринин бардыгы ишин токтотту. Биз 35 тамак-аштын үлгүсүн алып лабораториялык жол менен изилдөө жүргүзүп жатабыз. Бүгүн кафенин жумушчулары анализ тапшырып жатат. Кафе изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу жабылды», — деди Мурзашев.
Тамактан ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган жарандардын саны 25-октябрь саат 7.30га карата 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
24-октябрда тамакка ууланган 12 адам кайрылганы, алардын үчөө жаш балдар экени, үч аял ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 25-октябрда ооруканага кайрылган 85 адамдын ичинен бир аял ооруканада дарыланып жатканын, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин дарыланууну үйлөрүнөн улантуу үчүн жөнөтүлгөнүн билдирди.
Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин белгилешинче, ооруканага кайрылгандар «Империя пицца» кафесинен суши-роллы алып жешкен.
Толук маалымат эпидемиологиялык изилдөөдөн кийин белгилүү болору министрлик тараткан маалыматта айтылат.