Домой Маданият Толгонай Арзыкеева жолдошу менен ажырашканын ачыктады

Толгонай Арзыкеева жолдошу менен ажырашканын ачыктады

1077

Бул менин акыркы постум…

Азыр мага жеке жашоом тууралуу толтура жаман комментарийлер келет, эгер уруксат берсеңиздер кененирээк айта кетейин. Мен болочок жолдошум экөөбүз үч жылдан бери үйлөнөлү деп чечкенбиз. Көрсө биз адашып кадам жасап алыптырбыз. 3 жыл болгону менен баары аралыктан гана болгону анык. Биз ажыраштык. Ким кандай ойлонуп, эмне деп айтпасын бирок мунун себеби — биздин мүнөзүбүз дал келбей койду. Ооба, биз мыйзам боюнча аял-куйөөсү катары каттоого турганбыз, бактыга жараша ортобузда эч нерсе болгон эмес. Ал кагаз иштери кандай болот мага маанилүү эмес, эң негизгиси бул — менин намысым.

Андыктан, мындай кадамга баруу алдында «Мен аны жакшы тааныймынбы?», «Мен өзүмдү эркин сезе аламбы», — деген суроолорду берип көрүшүбүз керек.

Бул жагдайда эч ким күнөөлүү эмес. Мен ага жана анын үй-бүлөсүнө ыраазымын. Бул менин ажырашуу боюнча жазган акыркы постум.

ЖМКлардан суранаарым, бул тема боюнча суроо берүүдөн алыс болуңуздар»- деп жазган ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева.