Домой Маданият Адилет Жумабеков «Голос» долбооруна өттү

Адилет Жумабеков «Голос» долбооруна өттү

89

Кыргызстандык ырчы Адилет Жумабеков Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлгөн «Голос» долбооруна катышып, биринчи кастингден өттү. Конкурс 23-октябрда болду.

Адилет Жумабеков Boyz II Men тобунун End of the Road аттуу ырын аткарды. Аны долбоордогу насаатчылар Дима Билан, Александр Градский жана Леонид Агутин колдошту.

Адилет Жумабеков өзүнө насаатчы катары Дима Биланды тандап, кийинки турга өттү.

«Голос» долбоору талантуу ырчыларды табуу максатында уюштурулган.