Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик резиденцияда жашашына мен уруксат бергем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«Ал жерде кимдер жашай турганын мен чечем. Ташиевдин коопсуздугу үчүн ошол жакта жашашына уруксат бергем»,-деди Жапаров.
Буга чейин маалымат каражаттары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев учурда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жашаган үйдө жашап жатканын жазышкан.