Президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн маалымат жыйында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу суроолорго жооп берди. Президентке «эмне үчүн чек ара маселесин ушул кезге чейин чечпей отурасыз, дагы канча жаран өлүшү керек?» деген суроо берилди.
Жапаров Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айтып, кайсы маселелер бар экенин ачыктады.
«Мен чек ара маселесин бүгүн отуруп, чечип коюуга даярмын, бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюняук эмес экен. Ооба, Тажикстан менен болгон кагылышууда 36 жаран каза болуп калды. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе экен. Биз Өзбекстан менен чек араларыбызды такташып келе жатканбыз. Ал бүткөндөн кийин Тажикстанга өтөлү дегенбиз, ага чейин мен Тажикстанга байланыштуу документтерди карай элек элем. Май айында УКМКдан эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кагаздарын алдырттым. Ал жерде үч талаштуу маселе бар экен. Ал Төрт-Көчө, Ворухка кеткен жол жана Лейлектеги участок»,-деди президент.
Жапаровдун айтымында, Төрт-Көчө боюнча 2009-жылы 3-мартта Адахан Мадумаров Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес протоколду кабыл алган. Тажикстан ушул протоколдун негизинде жер биздики деп жатышат.
«Ал мындай кол коюптур, 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм деп протоколго кол коюптур дагы, бирок кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп кол коюптур. Ошону менен ижарага алгансыңар деп жатышат, 12 жылы өттү, 37 жылдан кийин же жабабыз, же кайра сүйлөшүүлөрдүн негизинде узартабыз деп жатат. Мен айтып жатам, ал кезде Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес. Эч ким аны ыйгарым-укук берип жиберген эмес деп айттым. Бул протокол юридикалык жактан жарабайт деп айтып жатам. Бул юридикалык документ эмес»,-деп айтты Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров ушул сыяктуу жагдайлардан улам кыргыз-тажик чек арасындагы маселе чечилбей жатканын, ал үчүн убакыт керек экенин айтты.