Домой Коом Садыр Жапаров: Камчыбек Ташиев экөөбүздүн мамилебиз бузулбашына 100% кепилдикти кудай берет, мен...

Садыр Жапаров: Камчыбек Ташиев экөөбүздүн мамилебиз бузулбашына 100% кепилдикти кудай берет, мен 99% берем

949

Президент Садыр Жапаров басма сөз жыйынында 2020-жылдын октябрь айында болгон окуялар тууралуу суроолорго жооп берди.

Ал ошол кезде мамлекеттик органдарды басып алууга жол берилбесин деп эскерткенин айтты.

«Мен дагы социалдык тармактарда айтылгандарды көрүп жатам, Октябрь окуялары боюнча кармалгандарды саясий туткун деп атап жатасыңар. Бул андай эмес, баары жасаган кылмышы үчүн жооп бериши керек. Ооба, баарыңар эле келип, бийликти басып албадыңар беле, Жапаров менен Ташиев да жооп берсин дегендер бар. Бирок өзүңөр күбөсүңөр го, мен же Ташиев бир мекемени басып алдыкпы? Тескерисинче, эл мени алып барып отургузганда мен баары мыйзам чегинде болсун деп отурган жокмун, биз каракчылык кылбайлы деп айткам.

Ал эми кээ бирлери барып УКМКны, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жана Ички иштер министрлигин басып алышты. Бир жумадай басып жатышты. Баары турукташкандан кийин анан кетишти. Мен 2005 жана 2010-жылдагы окуяларды кайталабоого чакырдым. Революция болгон сайын мародерлук кылып, өрттөй берген туура эмес. Октябрда коңшу мамлекеттер Кыргызстанда талап-тоноо башталат деп ойлгон экен. Бирок эл ага жол бербей коруп турду го. Бул демек биздин жаштардын жарандык аң-сезими көтөрүлүп калганын билдирет«,-деди Садыр Жапаров.

«Камчыбек Ташиев экөөбүздүн мамилебиз эң жакшы. Эч убакта бузулбайт. 2005-жылдан бери чогуу келатабыз, көп жол бастык, ал жолдун кыйынчылыгы да, кубанычы да, ийгилиги да, азабы да болду. Баарын чогуу көтөрдүк. Биз башкалардай эмеспиз, эч убакта мамилебизди бузбайбыз. Келечекте да бузулбайт, 100 пайыз кепилдикти Кудай берет, мен 99 пайыз берем. Ар кандай адамдар болот да, ортодон бузукулар чыгып Камчыбек Ташиевге «Сен УКМКда отурсаң отура бересиң, эл сени унутуп калат. Андан көрө шайлоого катышып, спикер бол», — деп «акыл» үйрөтүп, мамилебизди начар жагына оодарууну каалагандар чыкты. Бирок биз андай азгырыктарга алданбайбыз. Биздин мамиле дайыма ушул бойдон калат», — деди Садыр Жапаров.