Домой Коом Садыр Жапаров: Мектепте исламды гана эмес, бардык диндерди окутуу тапшырмасы берилди

Садыр Жапаров: Мектепте исламды гана эмес, бардык диндерди окутуу тапшырмасы берилди

420

Ал бул багытта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып ишти баштоо тапшырмасы берилгенин билдирди:

“Мектепке диндерди таануу, бир эле исламга басым жасап окутуу эмес, дин таануу, шариятты билүү боюнча сабак киргизсек жакшы болот эле. Тапшырма берилген. Себеби биздин коомчулук алты башка диний агым менен жүрүп жатабыз. “Бир эле кыргыз улутубуз, бир эле исламды кабыл алганбыз” дейбиз, бирок алты башка агым менен кетип жатабыз. Алардын мүчөлөрү жүз миң дегенге жетип калды бүгүн. Бул проблеманы мектептен баштап, тамырынан кыркышыбыз керек. Жалбырагы, бутагы менен күрөшө берсек алыбыз жетпейт. Ал үчүн мектептен баштап туура түшүнүк беришибиз керек. Ошондо 15-20 жылдан кийин таза коом алабыз. Отуз жылдан бери мээсине, денесине сиңирип алган ата-энелерди, балдарды 1-2 жылда буруш кыйын. Ошентип түздөп алсак болот. Ошого жетебиз Кудай буюрса”.