Домой Коом Кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорт залы курулат

Кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорт залы курулат

622

Президент Садыр Жапаров спортчуларды колдоо, спортту өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүү тапшырмасын берди.

Министрлер кабинети жакын арада аталган объектинин курулушу башталарын кабарлады.

Спорт залында бардык зарыл шарттар түзүлөт.

Кыргызстандык балбан кыздар быйыл өткөн Олимпиада оюндарында жана Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, 2021-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын жеңүүчүсү.

Мээрим Жуманазарова (68 кг) кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын коло медалынын жеңүүчүсү.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын жеңүүчүсү.