Бишкектин Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле Ленин РИИБинин башчысынын орун басары жана Октябрь РИИБинин тергөөчүсү аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Алар учурда «опузалап пара алуу, кыйноо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысына шектелүүдө.
Басма сөз кызматы кийинчерээк маалымат берилерин айтты.
1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда «алдамчылык» фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул иште Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.