Бишкекте мугалим сабак учурунда дааратканага суранган окуучуну жибербей коюп, ал шымына зара ушатып салган. Бул тууралуу Балдардын укуктарын коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Учурда баланын апасы мектеп жетекчилигине карата нааразычылыгын билдирүүдө.
«Азыр мугалим балага жана энесине кысым көрсөтүп, окуучуну мектептен алып кетүүнү талап кылууда. Биз Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгына жардам сурап кайрылдык», — деп жазат Турдубекова.