Домой Жаңылыктар Президент Садыр  Жапаровдун кеңешмеде сүйлөгөн сөзү

Президент Садыр  Жапаровдун кеңешмеде сүйлөгөн сөзү

61

Президент Садыр  Жапаровдун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү

 

 

“Жергиликтүү бийликтин урматтуу жетекчилери!

Урматтуу чакырылган коноктор!

Бүгүн биз биринчи жолу ушундай кеңири форматта: министрликтердин, региондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен бирге жолугуп олтурганыбыз бекеринен эмес! Өзгөчө азыркы убакта. Анткени бүгүнкү күндөгү экономикалык татаал шарттарды башыбыздан өткөрүп, кыйналып турган кезибиз! Элибиз баарыбыздан натыйжалуу иштерди күтүп жатат!

Мындай учурда бардык бийлик органдарынын иш-аракеттерин координациялоо, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу маселеси биринчи планга чыгары айкын.

Азыркы тапта ойлонуп олтурууга убакыт жок! Ошондуктан учурдагы көйгөйлүү маселелерди талкуулап, туура жыйынтыктарды чыгаруунун кезеги келди!

 

Кеңешменин урматтуу катышуучулары!

 

Баарыңыздар жакшы билесиздер, жогоруда белгилеп кеткенимдей, мамлекеттик башкарууну оң жолго салмайынча, экономика тармагында болобу, же социалдык тармакта болобу, айтор, кайсы гана тармакты албайлы, кыска мөөнөттө элибиздин купулуна толо турган жыйынтыктарга жетишүү дээрлик мүмкүн эмес!

Мен региондорду кыдырып, эл менен жолугушуу учурларында ушундай пикирге келдим. Анткени азыркы учурда аркыл тармактарда сунушталып жаткан реформалардын жыйынтыктары карапайым калкка толугу менен жетпей жатат! Калкыбыздын көптөгөн көйгөйлүү маселелери тийиштүү деңгээлде чечилбей калууда. Бир эле фактыга токтолуп кетейин. Мурунку жылдарга салыштырмалуу быйылкы жылы жарандардын кайрылууларынын саны эки эсеге көбөйгөн. Президенттин Администрациясына былтыркы жылдын он айында 5800 кайрылуу келип түшкөн болсо, ушул жылдын тогуз айында эле 10500 дөн ашык кайрылуу келип түшкөн.

Мындай көрүнүш — жер-жерлерде маселелердин өз маалында чечилбей, жергиликтүү чиновниктердин жарандардын маселелерине көңүл кош мамиле жасагандыгынын натыйжасы. Ишке болгон мындай мамилени токтотушубуз керек!

Талдап көргөнүбүздө жалпы эле бардык тармактардагы бүгүнкү акыбалыбыздын бирден-бир себеби мамлекеттик башкаруунун начардыгында болуп келген! Иш жүзүндө борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда ажырым дагы эле сакталып турат. Борбордук бийлик кабыл алып, аткарууга жиберген чечимдер өз убагында жер-жерлерге жетип, аткарылышында чоң мүчүлүштүктөр болуп жатат!

Бул жерден мен ачык эле айтып коёюн — бийликтин жоопкерчилигин бир топ эле жоготуп алдык! Өзгөчө эл койгон маселелерди, аймактардын учурдагы көйгөйлөрүн чечүүдө натыйжанын жоктугу оркоюп көрүнүп турат. Жергиликтүү жетекчилер күнүмдүк ишинде формалдуулукка жол берип, курулай отчётторду берүүнү көнүмүш адатка айландырып алдыңар! Көпчүлүк учурларда жергиликтүү бийлик өз жашоосу менен алек, эл өз жашоосу менен алек болуп калды! Ар бир бийлик бутагы өздөрүнүн ыйгарым укуктарын толугу менен билип, алардын аткарылышына жоопкерчиликтүү мамиле кылганда гана оң жыйынтык чыгаарына барыбыздын көзүбүз жетип турат. Бирок бүгүн мындай көрүнүш дээрлик байкалбайт!

Башкаруунун формасы өзгөрүлгөнүнө карабастан, мамлекеттик органдардын иштөө ыкмалары, чечимдерди кабыл алып, аларды ишке ашыруу мурдагыдай эле эскиче жүрүп жаткандай.

 

Сиздердин эсиңиздерге салйып коеюн, аймактарды өнүктүрмөйүн өлкөнү эч качан алдыга жылдыра албайбыз. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракети жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталышы абзел.

Мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн бүткүл ишмердиги ушул негизги маселени чечүүгө баш ийип, багытталышын талап кылам!

Албетте, аткаруу бийлигине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Конституцияда, мыйзамдарда аныкталган өз милдеттерин коомубуздун, жарандардын алдында толук кандуу ишке ашырууга реалдуу шарттарды түзүп, элдин мамлекеттик бийликке болгон мамилесин оң багытка өзгөртүшүбүз зарыл. Мына ошондо гана элдин бийликке болгон ишеними кескин түрдө жогорулап, жакшы ийгиликтерге жетише алабыз.

Ошондуктан мамлекеттик башкаруу системасын бүгүнкү күндүн талабына ылайык реформалоого кадамдарды таштадык. Азыркы учурда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үч окуудан кабыл алынып, мен 10 күн мурда кол койгом. Бул мыйзам Өкмөттүн ишине стабилдүүлүктү алып келет. Мыйзам негизинде район акимдерине тиешелүү укуктар берилди. Эми ыйгарым укуктардын негизинде жигердүү иштөөгө мыйзамдык шарт түзүлдү. Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар. Себеби ар кандай шылтоо айтууга эми негиз жок. Анткени мыйзам  менен райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдерге бир топ кошумча ыйгарым укуктар берилип жатат! Ал укуктар көптөгөн маселелерди райондук деңгээлде чечүүгө шарт түзөт.

Аталган мыйзамдар күчүнө киргенден баштап, урматтуу жетекчилер, өзгөчө райондук жетекчилер иштөө ыкмаңарды өзгөртүп, жаңыча иштеңиздер! Элдин көйгөйлүү маселелери райондо чечилиши керек!  Мындан ары жер-жерлерден келген кайрылууларды жергиликтүү бийликтин кемчилиги катары кабыл алып, тиешелүү чараларды көрөбүз!

 

 

Урматтуу кеңешменин катышуучулары!

 

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, жер-жерлерде коррупцияга алып келе турган шарттарды жок кылуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын (акимдерди) ротациялоо тажрыйбасын баштадык. Бул иштер калк тарабынан жылуу кабыл алынууда десек жаңылышпайбыз.

Бардык жетекчилерге республикабыздын өнүгүшү, элибиздин жыргалчылыгы үчүн кан-жанын аябай иштеп берүү талабы коюлат!  Эгерде кайсы бир жетекчи азыркы тапта ээлеген кызмат ордун өз кызыкчылыгын көздөп, материалдык абалын жогорулатуунун бир механизми катары көрсө, андай жетекчилерге арабыздан орун жок!

Бир эки мисал айта кетейин. Кечээ күнү эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары, башкы штабдын башчысы өзү баш болуп бир нече кызматкерлер коррупциялык схема түзүп алып, чек арадан өткөн элден акча жыйнап жүргөнү аныкталып, кармалды.  Экинчи мисал, мурдагы эле күнү Президенттик администрациянын Мунапыс берүү боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы дагы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул деген коррупция менен мейли ким болбосун аёсуз күрөш жүрөт дегендин натыйжасы.

 

Ар бир жетекчинин ишмердигине баа берилет! Ушуга байланыштуу Мен, Министрлер Кабинетине жетекчилердин ишмердигине комплекстүү баа берүү системасын иштеп чыгууну тапшырам!

Албетте бүгүн бизди түйшөлткөн маселелердин бири — бийлик бутагынын бардык деңгээлиндеги кадр маселеси. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кесипкөй кадрларды тартуу мамлекеттик бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калат.

Ушул жылдын январь айында “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Жарлыкка кол коюп, тиешелүү приоритеттерди аныктап, мамлекеттик органдарга тапшырмаларды бергем! Бул Жарлыктын алкагында Кыргыз Республикасында кадрларды даярдоо жана аларды өстүрүү боюнча атайын мамлекеттик стратегияны иштеп чыгууну тездетүү керек.

Башкача айтканда, ар бир жаранга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жол ачык, бирок муну менен бирге кызмат орундарына эң мыктылар тандалышы кажет.

Үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо жүргүзүлдү. Аттестациялоо республиканын бардык региондорунда өткөрүлдү.

Ошондой эле акимдердин жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн Региондук резерв түзүлдү. Бул иш-аракеттер эл арасында чоң ишеним жарата алды десем жаңылышпаймын.

Бүгүнкү күнгө карата Менин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери менен Региондук резервден – 31 адам, алардын ичинен 19у жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын кызмат орундарына, 12си жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын кызмат орундарына дайындалды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында курстардан өткөрөбүз. Муну менен жер жерлердеги айыл өкмөт башчыларынын, акимдердин башкаруучулук жөндөмүн арттырышыбыз керек. Терең билим менен иш жүзүндөгү мол тажрыйба айкалышканда гана ийгилик жаралат, натыйжа берет, аймактар өнүгөт.

 

Муниципалдык кадрлар резервдерин түзүү боюнча ишти тездетүү зарыл. Анын курамына конкурстук негизде келечектүү, тажрыйбалуу кадрларды киргизүү керек. Алардын арасынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын кызмат орундарына татыктуу адамдар келиши зарыл.

Муниципалдык кадрлар резервдерин түзүү боюнча иш-чаранын ачык-айкын өтүшүн камсыз кылышыбыз керек. Тиешелүү тажрыйбага, иш стажысына ээ болгон ар бир жарандын ушундай кадрлар резервине кирүүсүнө тең укуктуулукту сактоого мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек.

Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин ролун жогорулатуу зарыл.

Кадрларды тандоо маселесине кайрылсак, кызматка кирүү процедураларынын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Конкурстук тандоо узакка созулуп кетип, көпчүлүк мамлекеттик органдардын нааразычылыктарын пайда кылууда. Башкаруу органдарында бош кызмат орундарына дайындоо кээде бир нече айга созулуп кеткен фактылар бар. Мындай абалды тезирээк оңдоого чаралардын көрүлүшүн талап кылам!

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын реформалоонун алкагында бир катар иштерди жасадык. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн саны кыскартылды. Көпчүлүк административдик ведомстволор кайра түзүлүп, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин карамагына өткөрүлүп берилди.

Бул өзгөрүүлөр министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин ролун жогорулатуу максатында жана тиешелүү багыттарда иштелип чыккан саясаттын сапатын жакшыртып, алардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында жасалган.

Ошол эле мезгилде, Президенттин Администрациясына “чийки” жана так иштелип чыкпаган документтердин келип түшүүсү уланууда. Ички ведомстволук кызыкчылыктарды коргогон учурлар көп кездешет!

Айрым мамлекеттик органдар Министрлер Кабинетинин түзүмүн бекитүүгө байланыштуу тиешелүү уюштуруу иштерин негизсиз созуп жиберишти. Мен министрлерди, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун башчыларын эскертип коёюн, бул маселелердин баары тез арада чечилиши керек.

Айрым жетекчилердин ишмердигинде мамлекеттик көз караштын, ыкманын жоктугу өкүндүрөт! Экономикалык оор кырдаалга карабай, штаттын санын көбөйтүү, кошумча жетекчилик кызматтарды киргизүү, ар кандай мекемелерди жана ишканаларды түзүү боюнча негизделбеген өтүнүчтөр келип түшүүдө. Ушуга байланыштуу Мен Министрлер Кабинетине кандайдыр бир түзүмдүк өзгөртүүлөрдү жана штаттык санды көбөйтүү боюнча сунуштарды кылдаттык менен талдоонун жана изилдөөнүн негизинде ишке ашырууну тапшырам.

 

Кеңешменин урматтуу катышуучулары!

 

Дүйнө жүзү санариптештирүүгө өтүп жаткан мезгилде мамлекеттик башкаруудагы иш процесстерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп келет. Бул багытта мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, жер-жерлерде иштер аткарылган.

Өзгөчө, айыл жергесинде муниципалдык кызматты жеткиликтүү кылуу максатында бардык айыл өкмөт жана айрым шаарларда “Санарип аймак” тутуму ишке киргизилген.

Бул тутумдун иштегенине бир жылдан ашса дагы, айрым көйгөйлөрү бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет!

Алардын катарына Нарын, Баткен облустарынын айыл өкмөттөрүндө зымдуу интернет тутумунун жоктугунан интернет байланышынын сапаты төмөн болууда, айрым мамлекеттик органдар тиешелүү маалыматтарды так жана толук бербегендиктен, интернет тутумунун иши үзгүлтүккө учурап, маалымат алмашуу камсыз болбой келет.

Көпчүлүк аймактарда жарандардын үйлөрү трансформация болбогон жерлерге курулгандыгына байланыштуу, мыйзам чегинде каттоодон өтпөй, жарандар толук кандуу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ала албай келет.

Бул ишке жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери өз убагында чара көрүп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш алып баруусу зарыл. Эми мындай көйгөйлөрдү элдин өзүнө калтырбай, бул ишке тиешелүү мамлекеттик мекемелер чуркап болсо да бүткөрүшү керек!

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Электрондук айыл” бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү максатында Транспорт министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген.

Маалыматтык системаны ишке киргизүү үчүн жабдууларды жана программалык камсыздоолорду сатып алууга тендер өткөрүлүп, келишим түзүлгөн.

Бул долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кылмыш иши козголуп, түзүлгөн келишим токтотулганы маалым. Бул маселе 2014-жылдан бери чечилбей келет. Акыры бирөө жоопкерчилик алып, элдин көйгөйүн чечиши керекпи?! Бул боюнча тиешелүү органдар жыйынтык чыгарыңыздар!

Учурда 2126 калктуу конуштун ичинен 2096 калктуу конуш байланыш кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз болгон. Албетте, бул көрсөткүчтөр начар эмес. Бирок айрым алыс жайгашкан калктуу конуштар уюлдук байланыш кызматы менен азыркыга чейин камсыздала элек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары байланыш курулмаларын курууга көп учурларда тоскоол болгон учурлар кездешет. Мисалы: мындай учурлар Баткен облусунун, Кадамжай районунун, Ак-Турпак айыл өкмөтүндө орун алган.

Байланыш жана интернет менен камсыз кылуу өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюлдук компанияларыбыздын иш-аракеттерине тоскоол болбогула!

Байланышка тиешелүү бир маселени айтып коёюн. Ушул жылдын сентябрь айында аукцион аркылуу радио жыштыктар сатылып, өлкөгө 1 млрд сомдон ашуун каражат түштү. Баса белгилеп кете турган жагдай – бул жыштыктардын лицензиясы 1000 сомго эле узартылып келген! Жыштыктын баштапкы наркы 12 млн сом болсо, аукциондун жыйынтыгында 360 млн сомго чейин көтөрүлдү.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 2017-2019-жылдары “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу тейлөө көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор өткөрүлгөн. Пилоттук иштердин жыйынтыгы менен бардык маалыматтык күркөлөр жана тиешелүү жабдуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылып берилген.

Бирок көрүлгөн чараларга жана чыгымдалган каражаттарга карабастан, маалыматтык күркөлөр бүгүнкү күндө иштебейт!

Тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилери, маалымат күркөлөрүнүн ишин калыбына келтирүү маселесин ыкчам түрдө карап чыккыла!

 

 

 

Акыркы эки жыл ичинде короновирус пандемиясы элибиздин ден соолугуна жана алардын жашоо шарттарына кандай сокку ургандыгын жакшы билебиз. Бул бир гана Кыргызстан эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн чоң сыноо болду.

КОВИД менен тынымсыз күрөшүп жатабыз. Бюджеттен каражат бөлүп берип, вакцина сатып алдык. Кээ бир өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер берилип жаткан вакцинаны алгандан эринип, кайдыгерлик мамиле кылган жарандарыбыз көп. Бул маселеге жергиликтүү бийликтен баштап, баарыбыз жапа тырмак киришип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек.

Бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири – бул күнүмдүк керектелүүчү товарларга, күйүүчү-майлоочу майларга баалардын кескин өсүп кетиши.

Мындай абал бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө орун алып жатат. Албетте, мындай учурда экономикалык активдүүлүк төмөндөп, салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшүп, бюджетибиз биз каалагандай толбойт.

Ал үчүн эмне кылышыбыз керек? Эл болсо бийликтен кандай айла болот деп күтүп жатат. Кымбатчылыкты рыноктук жолдор менен токтотуу маселеси Министрлер Кабинетинин күнүмдүк ишине айланышы керек! Министрлер Кабинетинин жетекчилери, эксперттери дал ушул маселенин үстүнөн күндөп-түндөп болсо да иштеп, кырдаалды жөнгө салуусу зарыл!

 

 

Урматтуу жетекчилер!

 

Эми учурда баарыбызды түйшөлткөн энергетика маселеси тууралуу. Сөздүн ачыгы жакшы. Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык, электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергияны кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз.

2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы импорттолуп келет экен.

2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден “күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, “Токтогулдагы” суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Ошондуктан алар да бизге электроэнергиядан, ун буудай, жана башка азык-түлүктөн жардам берип жатат. Алсак, кечээ жакында эле Казакстан 10 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам беришти. Өзбекстан 3 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам беришти. Биз өзүбүздү азык-түлүк менен толук камсыздай албайбыз.

Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.

Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон 25 сомго чейин болгондо, башкача мамиле кылышмак!

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бюджеттик мекемелер тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл Ошондой эле бул багытта калк арасында да түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүшү керек. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз деп турабыз.

Кийинки актуалдуу маселелердин бири — бул күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча ыкчам чараларды көрүү. Бул багыт боюнча Министрлер Кабинети тиешелүү иштерди алып барып жатат. Күз-кыш мезгилине республика боюнча көмүргө болгон жалпы муктаждык 3 млн тоннаны түзөт.

 

Ошол эле учурда, 2021-жылдын 1-октябрына карата бюджеттик мекемелерде – 89,4 миң тонна көмүр топтолуп пландын 83%ын эле түздү.

Калкты өз убагында тиешелүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо максатында республика боюнча 644 отун базасы жана көмүр сатуучу пункттар ачылып, алардын айрымдарынын даярдыгы өтө төмөн!

Атап айтсам, Кара-Кече көмүр кенине эң жакын жайгашкан Нарын облусунда калктын көмүр менен камсыздалышы болгону 50%ын түзсө, ал эми Бишкек шаарынын калкы 60%га гана камсыздалды.

Ошол эле учурда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жана башка көмүр казуучу ишканалар жай мезгилинде жер кыртышын тазалоо иштерин ар кандай себептер менен жүргүзбөй, суук түшкөндө көмүр казууну башташат.

Мен муну тармактык министрликтин, айрым бюджеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин шалаакылыгы,  чоң кемчилиги деп эсептейм!

Ошондуктан Энергетика министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте биринчи кезекте бюджеттик уюмдарды жана калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүсүн талап кылам! Көмүр менен камсыздоо маселесине гана көңүл бурбастан, анын баасына да көңүл буруп, жөнгө салуу керек!

Тоо-кен тармагы боюнча. Жыл сайын тоо-кен тармагынын мамлекетке болгон салымы өсүүдө. Бир эле мисал келтирейин. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бул тармактан республикалык бюджетке 12,9 млрд сом төлөнсө, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 18,2 млрд сом төлөндү. Азыркы учурда 2021-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча бюджетке 12,7 млрд сом төлөндү.

Өзүңүздөр билгендей, “Кумтөр” кени 29 жылдан бери чет өлкөлүк компания тарабынан иштетилип келген. Биз бул ири кенге ушул жылдын май айында сырткы башкарууну киргиздик.

Азыркы учурда “Кумтөр” кенинде кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталган иштер жүрүп жатат.

Мисал келтирсек: 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому геологиялык чалгындоого дүң кирешеден 4 пайыз аз каражат сарптаса, анын айырмасы, болжол менен 15 – 16 млн АКШ доллары болот экен, аны салык катары республикалык бюджетке төлөмөк, бирок төлөгөн эмес. Тышкы башкаруу киргизгенден кийин бул салыктын түрү төлөнө баштады, азыркы учурда 500 млн сом республикалык бюджетке которулду!

Азыркы учурда, тоо-кен тармагынан ай сайын мамлекетке 2 млрд сомдон ашык каражаттар төлөнүп жатат. Алдыда бул сумманы бир нече эсе көтөрүшүбүз керек. Ошондо биз пенсия, пособия, айлыктарды да бир кыйла көтөрө алабыз.

 

 

Урматтуу жетекчилер!

 

Аймактарга иш сапарга чыгып, кыдырган учурларымда жергиликтүү эл жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча көп кайрылышат.

Бул маселени чечүү үчүн 2020-жылдан баштап, айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрүн башка түрлөрүнө которуу укугун райондук мамлекеттик администрациялардын компетенциясына берилген.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул багытта иштер толук кандуу аткарылбай келет! Райондук деңгээлде эле чечиле турган маселелерди атайынбы же билим деңгээли жетишпегениненби, айтор, убагында чечимдер кабыл алынбай, элдин нааразычылыгын жаратып келесиздер, урматтуу акимдер!

 

Дагы бир маселе — бул сугат суу маселеси. Суунун башында туруп, сугат сууну натыйжалуу иштете албай жатканыбыз өкүндүрөт!

Быйыл аба ырайы кургакчыл болуп, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралды. Ачыгын айтсак, бул маселени чечүүдө Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү бийлик уюштуруу иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзө алган жок! Мындан ары мындай көрүнүш кайталанбашы керек! Кайталанса өз арызыңарды жазып, кете бергениңиздер туура болот.

 

Кийинки маселе — жайыт маселеси. Акыркы учурда, жайыт маселелери көп чырдын башы болуп келет. 2019-жылы узак мөөнөтүү пайдаланууга берилген жайыт участокторунун пайдалануу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу чечими кабыл алынган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жайыт комитеттери, райондук бийлик бул чечим тууралуу өз убагында жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн эмес. Натыйжада чыр-чатактарды пайда кылды. Буга дагы бир себеп — жайыт чек араларын аныктоо боюнча түзүлгөн жергиликтүү комиссиялардын ишинин жакшы уюшулбаганы. Тиешелүү материалдарды даярдоодо көп кемчиликтер кетип, өз убагында чечимдер кабыл алынган эмес.

Кыска мөөнөттө жайыт чөйрөсүндө орун алган көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү боюнча чараларды көрүшүңөрдү талап кылам!

 

 

Урматтуу жетекчилер!

 

Кийинки сөзүмдө финансы, экономика жаатында айрым маселелерге токтолуп кетейин. Кийинки жылга республикалык бюджеттин долбоорун ачык, сапаттуу даярдоо — Экономика жана коммерция, Каржы министрликтеринин негизги милдеттеринин бири!

Бирок, жыл сайын республикалык бюджеттин долбоорунун сапаты тууралуу мамлекеттик органдардан, Эсептөө палатасынан жана Жогорку Кеңештен сын-пикирлер келип түшүүдө. Мындай жагдайды мен сапаттуу пландаштыруу иштеринин жетишсиздиги катары баалайм!

Ошондуктан, Экономика жана коммерция, Каржы министрликтерине республикалык бюджетти пландаштыруу жол-жобосун кайрадан карап чыгууну тапшырам! Бүгүнкү күнү бюджетти пландаштыруунун заманбап инструменттерин киргизүү зарыл деп эсептейм!

Азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо маселеси алдыңкы орунда турат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн теңдөө трансферттеринин көлөмүн бөлүштүрүүнүн азыркы иштеп жаткан механизми жеткиликтүү эмес. Ал мамлекеттик каржыны натыйжасыз башкарууга алып келүүдө.

Көп убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн теңдөө трансферттеринин көлөмүн аныктоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу маселеси созулуп келет.

Мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу колдонуу максатында Экономика жана коммерция, Каржы министрликтерине жакын арада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңдөө трансферттерди бөлүштүрүүнүн натыйжалуу ыкмасын иштеп чыгууну, аны өз убагында каржылоону тапшырам!

 

2012-жылы облустарда жана райондордо экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чаралар боюнча күтүүсүз чыгашаларды жабуу үчүн резервдик фонддор түзүлгөн. Бирок акыркы 3 жылдан бери республикалык бюджеттен резервдик фонддорго бөлүнгөн каражаттын көлөмү 30 миллион сомдон ашпай келет. Ушуга байланыштуу резервдик фонддордун көлөмүн көбөйтүү боюнча механизмди иштеп чыгууну Каржы министрлигине тапшырам.

 

Негизи эле райондук деңгээлде атайын өнүктүрүү фонддорун түзүп, жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырса болот. Бул маселе боюнча райондук жетекчилер, Экономика жана коммерция, Каржы министрликтери тарабынан жетиштүү иштер жүргүзүлбөй жатат. Кыска мөөнөттө, бул багыт боюнча дагы иштерди жандандыргыла!

Жалпысынан алганда, Экономика жана коммерция, Каржы министрликтеринин республиканын экономикасындагы кризистик көрүнүштөрдү минималдаштыруу боюнча иштери жетишсиз!

Макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча иш-пландар жокко эсе! Чакан жана орто бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана коргоо боюнча чаралар аягына чейин чыгарыла элек!

Бүгүнкү күнгө чейин бизнести өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган административдик тоскоолдуктарды азайтуу маселелери тиешелүү деңгээлде чечиле элек! Экспорттук өндүрүштү жана импортту алмаштырууну өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу чаралар иштелип чыга элек!

Инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча көптөгөн маселелер бар. Тагыраак айтканда, салык талаштарын сотко чейинки жана соттук жөнгө салуу механизми жок. Инвесторлорду коргоо жана инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча алгылыктуу иштер байкалбай жатат!

Аталган багыттар боюнча Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги алгылыктуу иштерди көргөзө элек!

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында кабыл алынган мыйзамды аткаруу боюнча ченемдик-укуктук актылар иштелип чыга элек!

Жогоруда айтылган маселелер боюнча Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлиги кыска мөөнөттө натыйжалуу иш-аракеттерди жасагыла! Мезгил экономикалык маселелерди ыкчам чечүүнү жана инвесторлордун ишенимине ээ болууну талап кылып жатат!

Ушул жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин киргизүү боюнча Экономика жана коммерция, Каржы министрликтерине тапшырма бергем! Бирок бул тапшырма мөөнөтүнөн кечигип аткарылып жатканын белгилейм.

Экономика жана коммерция, Каржы министрликтерине жана Президенттик Администрациянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө ушул жылдын 1-ноябрына чейин аны бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү боюнча чара көрүүнү тапшырам.

Бүгүнкү күнү бажылык процесстерди санариптештирүү боюнча иштердин абалы өтө начар! Бул жаатта дагы бир катар көйгөйлөр орун алган!

Бажы кызматкеринин тышкы экономикалык иштин катышуучусу менен түз байланышын жокко чыгаруу максатында ушул жылдын 31-сентябрына чейинки мөөнөттө электрондук декларациялоону жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу системасын толук ишке киргизүү боюнча тапшырма берилген.

Ушул убака чейин, бул тармакта иштер аягына чыкпай турат жана элибиз эч кандай өзгөрүүлөрдү сезе элек!

Алыскы өлкөлөрдү мындай кой, бизге жакын Өзбекстанды эле мисалга тарталы, жүктөрдү категориялоо  системасы кирип, бир жүк ташуучу автоунаа орточо 10-15 мүнөттө бажы процедураларынан өтөт.

Бул маселелерди чечүү үчүн Экономика жана коммерция министрлигине жана анын алдындагы Бажы кызматына:

— тез арада бажы төлөмдөрүн башкарууга байланыштуу проблемаларды чечүү жана коррупциялык түзүмдөрдү толук жокко чыгаруу боюнча иштиктүү сунуштарды менин кароомо киргизүүнү тапшырам;

Жогоруда айтылгандар менен бир катар, мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик ипотекалык кредиттөө, коммерциялык банктардын карыз алуучуларынын көйгөйлөрү, экспортту колдоо жана өнүктүрүү маселелеринде көйгөйлөр арбын.

Бул маселелерди дагы тиешелүү мамлекеттик органдарга, Экономика жана коммерция, Каржы министрликтерине тапшырам!

 

Мамлекеттик саясаттын дагы бир негизги багыттарынын бири – бул социалдык чөйрө.

Көп жылдардан бери бул чөйрөдө иш-аракеттер көрүлүп жатканына карабастан, бүгүнкү күндө чечиле элек маселелер арбын.

Жергиликтүү бийлик тарабынан аймактарда социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары көбүнчө калктын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан, формалдуу болуп калган.

Акыркы учурларда социалдык маанилүү маселе — бул аймактардагы жаш кесипкөй кадрлардын тартыштыгы, анын ичинде медициналык кызматкерлердин, мугалимдердин жана башка тармактардагы адистердин жетишсиздиги.

Бул көйгөй боюнча саламаттык сактоо жана билим берүү тармагынын жетекчилери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тиешелүү программаларды түзүп, чечкиндүү иш-аракеттерди жүргүзүшү керек! Анын ичинде жаш кадрларга стимул катары ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү зарыл.

Аларды кызматтык турак жай менен камсыздоо, эмгек акысынын көтөрүлүшү жана башка материалдык жактан жардам берүү маселеси курч турууда. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө чечкиндүү кадамдарды жасап, жаш кадрлардын жетишсиздигин жоюуга көмөк көрсөтүүнү милдеттендирем! Бул көйгөй илең-салаң болуп, ар кандай шылтоолор менен кийинкиге калып калбасын! Конкреттүү иш-аракеттер менен чечилишин талап кылам!

Ата-энесинин камкордугунан ажыраган окуучулардын көпчүлүгү мектепти аяктагандан кийин билимин улантууга, ишке орношууга, жашоо шарттарын жөнгө салууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Жергиликтүү бийлик, мамлекеттик органдар тийиштүү чараларды кабыл алып, социалдык жактан корголбогон катмарга олуттуу көңүл бурушу керек. Эми мындан ары, жаңы жылдан баштап өзүңөрдүн өнүгүү фондуңар болот. Акча каражатынан маселе жаралбайт.

Калктын руханий — адеп-ахлактык жана маданий өнүктүрүүсүнө багытталган иш-аракеттерди күчөтүү зарыл.

Облустарда айрым маданият объектилери тез арада оңдоо иштерине муктаж. Маданий эстеликтерди каттоодо дагы бир топ көйгөй бар. Археологиялык эстеликтердин 80%дан ашыгы талкаланууга дуушар болгон. Айрым аймактардагы жетекчилердин эстеликтерди каттоо, кайтаруу жана сактоо чаралары тургай, тарыхый эстелик тууралуу түшүнүктөрү жок!

Маданият чөйрөсүнө тиешелүү бардык көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнү жана көзөмөлгө алууну Маданият министрлиги менен жергиликтүү бийлик органдары колго алгыла! Бул маселени мен силерге тапшырам!

Аймактарда спорттук объектилерди куруу иштери аягына чыгарылбай, спорт тармагындагы негизги көйгөйгө айланды. Бул маселелерди дагы Маданият министрлиги көзөмөлгө алгыла! Каржы министрлиги каражат боюнча мүмкүнчүлүктөрдү тапкыла! Токтоп турган объектилердин бардыгын салып аягына чыгарыш керек. Бул спорттук эле эмес, арасында мектептер,  бала бакчалар да бар. 80-90 % бүтүп калган, токтоп турат. Каржы министрлиги ревизия кылып тактап чыгыңыздар дагы эмки  жылы толук бүтүрүңүздөр.

 

 

Урматтуу жетекчилер!

 

Өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизе турган кийинки маселе — бул алдыдагы шайлоо кампаниясы. Андыктан, шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштуруу керек.

Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери шайлоо өткөрүүнүн түрдүү ыкмалары колдонулуп келди.

2020-жылдын октябрь айында өткөн мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлерде ачык эле колдонулган административдик ресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек.

Бардык болуп өткөн шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды.

Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылам.

Менин алдымда алдыда боло турган шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат! Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү  эле жооп берип калбайт. Райондук милиция, же райондук билим берүү бөлүмү же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына тартылап иштеген болсо, эскертип коеюн, жазасыз калбайт!

Мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү  күчөтүүнү, башка натыйжалуу чараларды көрүүнү Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардан талап кылам.

Ошону менен бирге эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке көпчүлүк – силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет.

Урматтуу эл-журт, бул жерде ар бириңиздердин бирден болсо да добушуңар чечүүчү мааниге ээ, ушуну жакшылап түшүнүп коюңуздар! Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп деле көп добушка ээ болсо, биринчилерден болуп келе беришет.

 

Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырма! Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, ага жараша парламенттик шайлоо жаңы тартип менен өткөнү турат. Буга чейин элибиз партияларга гана добуш берип көнүп калышкан. Андыктан, бул жолу партиялык тизмеге, бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүңөр керек. Мыйзам ченемдери менен аныкталган маалымат бюллетендерин, слайддык материалдарды теле-радио, гезит жана башка маалымат каражаттары аркылуу толугу менен чечмеленип берилиши абзел. Шайлоо маалында бул маселе боюнча көйгөй жаралбагандай болсун!

 

Биз натыйжалуу шайлоо системасын иштеп чыгып, өсүп келе жаткан муунга туруктуу өнүккөн мамлекеттик башкарууну калтырууга милдеттүүбүз!

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан тартып улутуна, расасына карабастан, ар бир жарандын укугун сыйлоо жана коргоо максатында дин тутуу эркиндиги жана аны менен катар мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган светтик принципти сактап келе жатат.

Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында ар бир адамга ой, сөз жана дин эркиндигинин кепилдиги берилген. Ар бир адам өзүнчө же башкалар менен бирге каалаган динин карманууга же эч бир динди тутпоого укуктуу. Мамлекет жарандардын бул укуктарын толук камсыздайт.

Диний баалуулуктар биздин дилибизде болушу керек, бирок аны саясий куралга айландырбайлы. Бир дагы саясий партия, же бир дагы саясатчы шайлоо процесстеринде динди, диний символиканы, же диний терминди жана диний чакырыктарды колдонбошу керек.

Мен муну шайлоого катышабыз деп, каттоодон өткөн партиялардын жетекчилеринен, талапкерлигин бир мандаттуу округдарга койгон жарандардан өтүнөм.

 

Урматтуу жетекчилер!

 

Азыркы учурда саламаттык сактоого же калктын ден соолугуна кам көрүүгө олуттуу көңүл буралы! Саламаттык сактоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыгы бир аз да болсо байкалууда.

COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы эмдөө иштери жер-жерлерде уюштурулуп, аягына чыга элек. Бүгүнкү күндө дары-дармектердин кымбат болушу жана медицинадагы коррупция көйгөйлөрү элди түйшүккө салып жатат! Бул багытта жеке медициналык секторду кеңейтүү, медициналык ишке салык салуу маселелерин жөнөкөйлөштүрүү, кызматкерлер, иш берүүчүлөр жана калк үчүн ылайыктуу медициналык камсыздандыруунун жаңы шарттарын киргизүү боюнча чаралар көрүлүшү керек. Мындан тышкары, медицина тармагында санарип технологияларды колдонуу менен жөнөкөйлөштүрүү иштерин киргизүүнү тездетүү зарыл.

 

Акыркы кезде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алган фактылар көп кездешүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук өткөн жылга салыштырмалуу 21% өскөн.

Бул көрсөткүч балдарга карата жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иштер жетишээрлик болбой жаткандыгынан кабар берет. Бул багыт боюнча тез аранын ичинде чаралардын көрүлүшүн талап кылам!

 

Этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасынын жарандык паспортун алуу маселеси дале чечилбей келет! Өлкө аймагына келген этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгүнүн өздүк турак-жайы жок, ижара батирлерде жашап келишет.

Мындан сырткары көптөгөн этникалык кыргыздардын улуттук паспортторунун мөөнөтү бүтүп калып, мыйзам боюнча батир ээсинин макулдугун ала албай, өлкө  аймагында каттоого убагында тура алышпай, кыйынчылыктарга дуушар болушууда.

Бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүнү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары колго алгыла!

 

 

 

Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү — мэр, аким, айыл өкмөт башчылары жана башка кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылган фактылар көп кездешүүдө.

2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бийликтин 46 башчысы жоопкерчиликке тартылган.

Жогорку трибунадан туруп, дагы да баса белгилеп кетким келет. Биз адамдардын укук коргоо органдарына жана сотторго болгон көз карашын түп тамырынан өзгөртүшүбүз керек.

Ошондуктан сиздерден өзгөрүүнү, эрктүүлүктү, чечкиндүүлүктү талап кылам. Мыйзамды туу тутуп, адилеттүү болууга чакырам! Аталган талапты мен бул жыйындын катышуучуларынан эле эмес, бардык мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнөн аткарууну өтүнөм.

 

Мен сиздер менен коррупция багытында да ачык-айкын ой бөлүшөлү деп жолугушуп отурам. Ушуга чейин оркоюп көрүнгөн коррупциялык элементтерди да көрмөксөн болуп, элден жаап-жашырып жүрүп, ушул абалга келдик. Укук коргоо органдары карапайым калк айтып, көздөрүнө сайып көрсөтүп турган фактыларды да жаап-жашырып, иштерди жымсалдатып бүткөрүп жүрүшкөн. Мындай фактылар бүгүн да уланып келет. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген улуу кеп эсибиздин чыгып кеткендей.

Жетишет го дейм! Бардык жетекчилер элдин башын айлантып, “эптеп убакыт өткөрсөк баары унутулат” деп жүрүп, 30 жылдан бери телчигип, өнүгүү жолуна түшө албай келе жатабыз!

Эл баарыңардын ишиңерди көрүп турат. Жетекчинин баскан-турганы элдин элегинде: кайсы жетекчи кантип байып жатат, балдары эмне жеп, эмне кийип калды? Мындай жөнөкөй суроолор ар бириңерди ойлондурушу керек!

Коррупция ар бир тармакты чырмап алган. Мунун баары: мамлекеттик органдардын, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жөнөкөйүнөн тартып, башчысына чейин чиеленишип кеткен коррупцияга малынгандыгынан кабар берет.

Жаңы келген адамдын да башын айлантып, аны коррупцияга аралаштырып салган схемалар түзүлгөн. Биз ушулардан арылып жатабыз.

 

Көрүп жатасыңар, “мен кыйынмын” деп жүргөн мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген канчалаган адамдар камалып, келтирилген зыяндардын ордун толтуруп жатышат. Бул силерди коркутуу сөздөрү эмес, бул – элдин качантан бери коюп келген талабы!

Мисалы, бир эле УКМКнын Антикорупциялык кызматы коррупцияга каршы күрөшүүдө 2020-жылдын октябрынан баштап ушул күнгө чейин мамлекетке келтирилген зыяндын эсебинен  7,5 млрд. сомду кайтарды.

Коррупция боюнча кандай гана кооз документтерди, стратегияларды кабыл албайлы, аны менен системалуу күрөш болбосо, иш алдыга жылбайт!

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн кызматкердин жүрүм-турум стандартын түзүү зарыл. Мисалы, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коррупцияга аз да болсо малынган мамлекеттик кызматкердин кызматтык карьерасы бүтөт. Экинчи мамлекеттик структураларга кызматка алынбайт! Биз да ушундай күчтүү стандартты кабыл алабыз. Бардык мамлекеттик органдарга санарип программаларды киргизип, элди тейлөө жагын жеңилдетишибиз керек.

Мурдагы күнүңөрдү, буга чейинки иш тартибиңерди унуткула!

Ар бир мүнөт, ар бир күнүбүз текке кетпесин! Чечкиндүү кадамдарга баралы! Ишиңердин натыйжасын кыска мөөнөттүн ичинде көрсөткүлө!

 

Жыйындын урматтуу катышуучулары!

 

Кыргыз Республикасында 17 миңден ашык өкмөттүк эмес уюмдар каттоодон өткөн.

Бирок сиздер билгендей, көп учурларда өкмөттүк эмес уюмдар ашыкча саясатташканын байкоого болот. Бизде саясий коопсуздук суроолорун жараткан маселелерди ушул чөйрөдөн көрө алабыз.

Ушуга байланыштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга быйылкы жылы Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү колдодум.

Жарандык коомдун бардык институттары менен мамлекет өз ара аракеттенип, мамлекетибиздин бекемделишине, өсүп-өнүгүшүнө багытталган иш-чараларды өткөрүп, өнөктөш катары иш алып баруусу абзел. Ал эми мамлекеттүүлүгүбүзгө, саясий коопсуздукка кедергисин тийгизген уюмдар менен мыйзам чегинде тиешелүү иштерди алып барабыз.

Өзүңүздөргө белгилүү, бүгүнкү күндө өлкөдө 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Бул этникалык көп түрдүүлүк биздин байлыгыбыз. Биз аны сактап, ынтымакта бирдиктүү улут катары өнүгүүгө жагымдуу шарттарды түзүшүбүз абзел.

Бирок этникалык чөйрөнү тар саясий кызыкчылыкта пайдаланган учурларга жол берилип, 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуяларынын болушуна алып келгендигин жакшы билебиз.

Азыр деле этникалык негизде жарандарды саясатка тартууну кадимки адатка айландырган саясатчыларыбыз жок эмес. Мындай жагдай этникалык чөйрөнү саясатташтырып, жиктешүүнү күчөтүп, элдин биримдигине өз кедергисин тийгизип келет.

Ошондуктан Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин мындай көрүнүштөрдүн алдын алып, тиешелүү ыкчам чараларды көрүүгө чакырам.

 

Жогоруда айтып өткөн маселелер бардык көйгөйлөрдү камтыбайт. Мен болгону өлкөдө бүгүнкү күнү орун алган негизги гана көйгөйлөргө токтолдум.

Ал эми жарандардын жашоо шартынын сапатын жогорулатуу, өлкөбүздө социалдык-экономикалык багытта орун алган көйгөйлөрдү  комплекстүү чечүү максатында “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасы” тууралуу Жарлыкка кол койдум.

Өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн атайын чөйрөнү түзүү; жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу; кризиске каршы чараларды көрүү; өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетишүү үчүн негизги шарттарды түзүү аталган Программанын максаттары болуп саналат.

Ошондой эле, бул Программа төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө жетишүүнү көздөйт:

1) Экономикалык өсүштүн реалдуу темпин жыл сайын орточо алганда 5 пайыздык деңгээлде камсыз кылуу;

2) Ички дүң продукциянын көлөмүн калктын жан башына алганда кеминде 1 500 АКШ долларына жеткирүү;

3) Жумушсуздуктун деңгээлин 5 пайызга чейин төмөндөтүү;

4) Чет элдик тикелей инвестициялардын жыл сайын келүүсүн кеминде ички дүң продукциянын 13 пайыздык өлчөмүнө жеткирүү;

5) Мамлекеттик тышкы карызды ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашырбай кармоо;

6) Адамдын өнүгүү индекси боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингин 5 позицияга жакшыртуу;

7) Глобалдык атаандаштык индекси боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингин 10 позицияга жакшыртуу;

8) Калктын жакырчылыгын 20 пайызга төмөндөтүү;

Мына ушуга байланыштуу жогоруда айтылган Программаны натыйжалуу ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинети бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен атайын иш-пландарды иштеп чыгып, аткарууга алышын талап кылам!

Бул программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн биринчи кезекте өлкөбүздө стабилдүүлүк болушу керек!

Ошондуктан бардыгыңардан суранып кетем, алдыдагы шайлоону ачык-айкын, таза өткөрүүгө салымыңыздарды кошуңуздар! Ар кандай популисттик ураандарга, элибизди бөлүп жаргандарга биргелешип жол бербейли! Буга чейин канчалаган толкундоолорду, революцияларды баштан кечирдик! Туура жыйынтык чыгарып, бир багытта иш алып баралы!

 

 

Урматтуу жетекчилер!

 

Элибиздин, Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн алгылыктуу, пайдалуу иштерди жасап, өз ысымыбызды тарыхта калтырууга абдан жакшы ыңгай-шарт түзүлүп олтурат. Ушул мүмкүнчүлүктү баарыбыз пайдаланып калалы!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!