Домой Жаңылыктар Президент «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды

Президент «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды

301

Өлкө башчы Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинин алкагында “Мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында өлкөнүн социалдык өнүгүүсүнө салым кошкон жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү дагы сыйланышты.
Эскерте кетсек, аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүнө карата өтүүдө.
Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.